Марал Радиосу

Бишкекте экологиялык көйгөйлөр талкууланууда

3-майда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана жарандык активисттердин катышуусунда учурдагы экологиялык көйгөйлөр талкууланууда. Анда учурдагы экологиялык көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору сунушталат. Биосфералык аймактарды коргоо, таштанды маселелери тууралуу да сөз болот.

Кошумчалай кетсек, 2-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө жана чалгындоого тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган.