Марал Радиосу

«Матраимовдун мүлкүн текшерүүдөн майнап чыкпайт»

Бир туугандар Матраимовдор өткөргөн Кара-Суудагы иш-чарага саясий элитанын жоон тобунун барышынан кийин Матраимовдордун иши кайрадан жанданды. Өлкөдөгү эң бай жана таасирдүү эсептелген Матраимовдор кандай сыйкыр менен эл өкүлдөрүн жана мамлекеттик кызматкерлерди бир аянтчага чогултту? Суроо көп, жооп аз болуп турган чакта Раим Матраимовдун тапкан кирешелеринин мыйзамдуулугун иликтөө иши эмнеге солгун жүрүп, аягына чыкпай жатканына кызыгып көрдүк.

«Раим миллион» деген каймана ат менен коомчулукка таанылган Матраимовдун тапкан мал-мүлкү, кирешеси тууралуу иликтөө дагы деле аягына чыга элек. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгындагы маалымат жыйынында Раим Матраимов жөнүндө пикирин айтып, анын мүлктөрү  тууралуу шектүү жагдайлар болсо, ачыкка чыгарын билдирген.

— Мен бул боюнча тарыхка кайрылсам, жергиликтүү шайлоодобу, президенттик шайлоодобу, айрыкча парламенттик шайлоодо бир гана Раим Матраимов эмес, Матраимовдордун үй-бүлөсү КСДП партиясына чын дили менен иштеп берген. Искендер Матраимов КСДП партиясына мүчө да. Ал эми 2012-жылы иниси аким болду. Сегиз жыл жакшы болуп келип эле, мен кызматка келгенде жаман болуп калабы? Логикалык ой жүгүртүүгө туура келбеген сөздөрдү айтып жатышат.

Беш айга жакындаса да, укук когоо органдары тарабынан иликтөөгө алынган иш эмнеге аягына чыкпай жатканы коомчулукту кызыктырып келет. Өзгөчө бул суроо Матраимовдордун Кара-Суу айылына атасына арнап дүңгүрөтө той бергенинен кийин байма-бай бериле баштады. «Матраимовдун иши кандай иликтенип жатат?» — деген суроо менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылдык. Аталган мекеменин  басма сөз катчысы Анастасия Пискур мындай маалымат берди.

— Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бүтө элек. Бүтөрү менен коомчулукка жыйынтыгын жарыялап коебуз.

Маселе тууралуу Раим Матраимовдун өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүгүбүз болбоду. Ал эми анын агасы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго кайрылганыбызда, ал инисинин иликтөө ишине кызыкпай турганын айтып, кыска гана буларды кошумчалады:

— Мага өзүмө гана тиешелүү иштер менен кайрылгыла. Ошондо суроолоруңарга жооп берем. Иликтөө иштерин Раимдин өзүнө чалып билгиле. Ал элүү жаштагы адам, кантип жооп беришти өзү билет.

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде,  финансылык полиция иликтөө иштерин атайын чоюп, соңунда «эскирип кеттти» деп жаап коюшу мүмкүн экенин, бул жерде саясий оюн жүрүп жатканын белгиледи.

— Ошто өткөн иш-чараны көрдүңүздөр. Жогорку Кеңештин бир топ депутаты барды. Бул эмнеден кабар берет? Бүгүнкү күндө коомчулуктун ою эмес, акча биринчи орунда экенинин ачык эле көрсөтүп коюшту. Себеби, шайлоо жакындап калды, депутаттарды колдогон жана каражат маселесин чечип бере турган адам керек. А Матраимовдо бар да ал нерселер. Иликтөө иши боюнча айтсам, ал канчалык узарган сайын, эскире берет. Мен ойлоп жатам, алар иликтөөнү атайылап узартып жатышат . Шайлоого чейин алып барышат, шайлоо өткөндөн кийин эмне кыларын ойлонушат.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев Раим Матраимовдун азыркы бийликке убагында «кызматы» чоң болгондуктан, аны курмандыкка чалуу кыйынга турат деп эсептейт. Ошондуктан, ал убагында КСДП партиясына жан-дили менен иштеп бергенин айтып, эгерде финансылык полиция тарабынан айыбы ачылса, эки президенттин да репутациясы төмөндөөрүн белгиледи.

— Матраимовдун иши эки президентке тең тиешелүү. Ошондуктан, финансылык полициянын жыйынтыгы өтө деле таасирдүү болбойт. Себеби, көптөгөн эл өкүлдөрүнө да, экс-президентке да, учурдагы өлкө башчысына да түзмө-түз таасир тийип калат.

49 жаштагы Райымбек Матраимов бажы тармагында 1997-жылдан бери иштеп келет. Ал бул мезгил аралыгында Ош бажысында иштеп, акыркы 15 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалаган. 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бирок эки жылдан кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду кызматтан бошоткон болчу. 2018-жылдын апрель айында Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деген чечим чыгарган.