Марал Радиосу

Кыргызстанда «Музейлер түнү» аталышындагы долбоор өтөт

Кыргызстанда 17-май күнү «Музейлер түнү» аталышындагы масштабдуу маданий долбоор өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган долбоор Кыргызстанда алтынчы жолу өтүүдө. Быйыл долбоорго 15 музей катышат.

Өткөн жылы долбоордун алкагында музейге 35 миңге чукул адам келген.

Мындан тышкары, 2017-2018-жылдары EACA( Event Awards Central Asia)де мыкты байгелерге татыган.