Марал Радиосу

Кыргызстанда жыл ичинде кен казууга жаңы лицензиялар берилген эмес

Кыргызстанда жыл ичинде, башкача айтканда, жаңы өкмөттүн курамы ишин баштагандан бери пайдалуу кендерди казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жаңы лицензиялар берилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, жер казынасын пайдаланууга уруксат берүү тууралуу арыздарды жана маселелерди кароо боюнча Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн  лицензия берүүчү комиссия 13-мартта гана карап баштаган. Бирок, комиссия азыркы учурда лицензиясы бар компаниялардын гана маселелерин карап жатат (узартуу, жокко чыгаруу).