Марал Радиосу

Бишкекте «Кош келдиң, Рамазан» аттуу иш-чара өтөт

Кыргызстандагы «Мутакалим» Аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси бүгүн Бишкекте «Кош келдиң, Рамазан» аттуу иш-чара өткөрөт.

Бул тууралуу аталган мекемеден «Маралга» билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара катышкандарга Рамазан айы тууралуу кенен маалымат берүүнү, Рамазан айына жана орозо кармоого тийиштүү суроолор жооп берүүнү жана орозо кармоого чакырык таштоону максат кылат.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети муфтийи жана белгилүү аалымдар катышып, Рамазан айы тууралуу  баян айтышып,  суроолорго жооп беришет. Ошондой эле, өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан да өкүлдөр чакырылган.