Марал Радиосу

Өкмөт радиациялык коопсуздук боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берет

Жогорку Кеңеш эртеңки отурумунда Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугуна кам көрүү чаралары боюнча Өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Акыркы күндөрдө Бишкек жана Балыкчы шаарларында Кызыл-Омпол айылындагы уран кенин казууга каршы митингдер өттү.

Бир катар депутаттар Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө чексиз мораторий киргизүү мыйзамын демилгелеп чыгышкан.