Марал Радиосу

Уран кенин казууга каршы чыккандар талаптарын айтышты

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарынын Горький аянтында уран кенин казууга каршы тынчтык митинги болду. Митингдин жүрүшүнө байкоо салып турган кабарчыбыздын берген билдирүүсүнө караганда, акцияга чыккандар жогорку бийлик органдарына 3 талап коюшту:

  1. Кыргыз элинин өмүрүнө коркунуч келип, жаратылыш бузулуп, Ысык-Көлүбүздө туризм токтоп каларын эске алып, Кызыл-Омпол уран чачынды кендерин изилдеп казуу иштери токтотулсун жана эч кимге берилбесин;
  2. Укук коргоо органдары тынчтык митингине катышкан жарандарды куугунтуктап, кысымга алууларын токтотсун;
  3. Кыргызстандын аймагындагы бардык уран кендерин казууга түбөлүк тыюу салынсын;