Марал Радиосу

Непалда белгисиз дарттан 10 адам каза болду

Непалдын Хумла районунда  белгисиз ооруга кабылган 200дөн ашык адамдын онго жакыны каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, илдет бир жума мурда башталган. Оорунун кесепетинен онго жакын адам көз жумган, алардын ичинде карылар жана жаш балдар бар. Жергиликтүү бийлик кызматкерлери оорууну жайылтпоонун аракетин көрүп жатышканын кабарлаган.

Белгилей кетсек, бул илдет жыл сайын кайталанып келет. Непал дарыгерлери учурда оору туралуу изилдеп жатышат.