Connect with us

Бишкектин экс-мэрлеринин соту уланууда

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 651 | 0

Баш калаанын Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин караган сот отуруму уланууда.

Отурумга төрагалык кылган судья Кубанычбек Касымбеков «Дастан» ачык акционердик коомунан өздөрүн жабыр тартуучу катары таануу боюнча өтүнүч келгенин билдирди.

Жактоочулар муну соттун кароосуна калтырса, айрымдары аны канааттандырууну өтүндү. Ал эми, прокурор өтүнүчтү четке кагууну талап кылды.

Айыпталуучу Албек Ибраимов бул «жабыр тартуучулар» деп жатышкандар 7 жыл мурун пансионатты сатууга уруксат бергенин айтты.

«Пансионатты сатуу — бул, анын акцияларын сатуу болот. Акция менен жерди чаташтырбаш керек. Акция — бул, кагаз. Мен ал кезде мекеменин жетекчиси эмес болчумун, бул ишке катышкан эмесмин. «Дастан» ал кезде көп киреше тапкан ишкана болчу«, — деген Ибраимов, өтүнүчтү четке кагууну суранды.

Дагы бир айыпталуучу Шаршекеев бул ишке катышы жок экенин айтты. Ал эми Кулматов бул процесске катышуудан баш тартты.

Пикирлерди уккан судья кеңешме бөлмөсүнө кетти.

Copyright © 2017 Maral FM