Марал Радиосу

Балыкчынын тургундары Бишкекте митингге чогулду

Бүгүн, 30-апрелде Балыкчыдан Бишкекке келишкен тургундар уранга каршы митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу “Маралга” Балыкчы шаарынын тургуну Марат Акатов билдирди. Алар митингди Бишкектин борбордук аянтында өткөрүшмөк, бирок ага уруксат берилбей, Горький атындагы паркта чогулушууда.

29-апрелде Балыкчынын тургундары митинг өткөрүштү. Андан кийин Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышып, жүрүш күч органдары тарабынан токтотулган. Бул себептен алар кичи автобустар менен келишкен.