Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер жана диаспоралык, коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы Элчилиги кабарлады.
Жолугушуунун катышкандар Орусияда эмгектенип жатышкан мекендештерибизге тиешелүү социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүп, тийиштүү сунуштарды да беришти.
Кечээ болгон жолугушууда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кыргызстандын калкын социалдык кепилдиктер менен камсыздоо тууралуу кеп козголду. Анын ичинде пенсия, ар кандай жөлөкпул төлөө, өлкөдө жакырчылыкты кыскартууга аракет көрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган министрликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылды.