Марал Радиосу

Жээнбеков Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 29-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтык маселелерин талкуулашты, буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча позицияларын такташты жана ошондой эле алдыда боло турчу эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышуу маселелерин талкуулашты.