Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлерин кабыл алды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 510 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында үч жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ШКУ саммити июнь айында Бишкекте өтөт. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен болгон жолугушууда Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана Куралдуу Күчтөргө көрсөтүлүп жаткан аскерий-техникалык жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттердин коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын жана Орусиянын коргоо ведомстволорунун мындан аркы биргелешкен иши күчөтүлүшү керек деген жалпы пикир айтылды.

Андан соң, Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Кытайдын Коргоо министри Вэй Фэн Хэ, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Индиянын Коргоо министри Нирмала Ситхарама, Казакстандын Коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо, Өзбекстандын Коргоо министри Баходир Курбанов, Пакистандын Коргоо министринин орун басары Икрам Ул Хак, ШКУ Аймактык антитеррористтик тутумунун аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов, ошондой эле, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Се Сяо Юнь катышты.

Сооронбай Жээнбеков терроризм коркунучунун, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантуунун жана уюшкан кылмыштуулуктун өсүшү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо милдеттерин чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын далилдеп турганын белгиледи. Бул жаатта ШКУ ар бир мамлекеттин тең жана бөлүнгүс коопсуздугун сактоо менен тыгыз жана жемиштүү кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүүдө.

Кытайдын Коргоо министри Вэй Фэн Хэ менен жолугушууда, эки мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

«Биздин мамлекеттер «жамандыктын үч күчүнө»: терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бирдей көз карашта», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Коргоо министри Вэй Фэн Хэнин Кыргызстанга визити эки мамлекеттин коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын чыңдоого бараандуу салым кошорун белгиледи.

Жолугушуунун соңунда, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан уюмдун активдүү мүчөсү катары ШКУнун алкагында көтөрүлгөн демилгелерди ырааттуу илгерилетүү менен коопсуздук чөйрөсүндө мындан аркы ачык жана тең укуктуу диалогго, анын ичинде коргоо ведомстволорунун кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.

Copyright © 2017 Maral FM