Биз менен байланышыңыз

Кытай жазма булактарынан кыргыздар тууралуу жаңы маалымат табылды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 620 | 0

Кытайдын белгилүү тарыхчысы Ю Тайшан биздин заманга чейинки Х кылымда кытай падышасы жазып калтырган кыргыздар тууралуу жаңы маалыматты тапты. Бул жаңылыкты 26-апрелде Пекин шаарындагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун профессору, Евразия изилдөө борборунун директору Ли Цзиньсю билдиргенин көрүнүктүү кыргыз тарыхчысы Кыяс Молдокасымов кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Кытай падышасы кыргыздар жоокер эл экенин, аргымактары көп, бай турмушта жашаарын сүрөттөгөн.

Кыяс Молдокасымов бул маалыматтын Кыргыз тарыхын дагы 8 кылымга тереңдеткенине токтолду. 

«Биз буга чейин атактуу кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Щи цзи» аттуу белгилүү эмгегинен улам, кыргыздар тууралуу эң алгачкы маалымат   б.з.ч. 201 жылга таандык болуп келгенин жакшы билебиз. Эми кытай окумуштуулары тапкан жаңы маалымат боюнча кыргыздар тууралуу эң алгачкы маалымат VIII кылымга тереңдеди. Ю Тайшан — байыркы Кытай тарыхын изилдеген эң белгилүү окумуштуу. Анын ондогон илимий эмгектери жана 200дөн ашуун макаласы бар», — деди Молдокасымов. 

Мындан сырткары, Молдокасымов Кытай окумуштуулары бул жаңы табылгалар боюнча атайын жыйнак даярдашып, июнь айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги Саммитинде эки өлкөнүн жетекчилерине тапшырыла тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM