Марал Радиосу

Абылгазиев баштаган делегация Арменияга иш сапар менен барды

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешменин жыйынына катышуу үчүн Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев баштаган делегация Арменияга иш сапар менен барды.

Өкмөт башчыны аба майдандан Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Ошондой эле, бул иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жана Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу Бабкен Седракян да катышты.

Иш сапардын алкагында эртең, 30-апрелде өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйынына катышат.

Премьер-министрди коштогон делегациянын курамында: вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Экономика министри Олег Панкратов, Информациялык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев, Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков, Фитосанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Калысбек Жумаканов, өкмөт башчынын кеңешчиси Кубатбек Рахимов жана башкалар бар.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны эртең, 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.55те премьер-министрлердин чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталат, андан соң, тар чөйрөдө жана кең чөйрөдө жыйын болмокчу. Жыйындын аяктагандан кийин журналисттер менен маалыматтык жыйын өткөрүлөрү күтүүлүүдө.