Марал Радиосу

Ордо оюнудан Талас облусу Кыргызстандын чемпиону болду

Бүгүн Бишкекте улуттук ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, Талас облусунун командасы жеңүүчү болду.

Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан кабарлады.

Мелдешке Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышкан.

Мелдештин биринчи орунду Талас облусунун ордочулары ээлеп, 2019-жылдын чемпиону болду.

Экинчи орунду Бишкек шаарынын командасы ээлесе, үчүнчү орунга Нарындыктар татыды.