Марал Радиосу

Бишкек шаарынын ардактуу жарандарынын саны 14кө көбөйдү

Бишкек шаарынын күнүнө карата «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы Бишкек шаарынын 14 жаранына ыйгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы шаардын өнүгүшүнө кошкон экономикалык, социалдык, маданий салымдары үчүн берилди.

Алар телерадио берүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт, курулуш тармагында эмгектеген жарандар.

Наам берүү боюнча чечим Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын декабрь айындагы ХХ сессиясында кабыл алынган.