Биз менен байланышыңыз

Байыркы кыргыздар тууралуу жаңы маалымат табылды

Коом | 29 Апр 2019 | 940 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде Кытайга болгон жумушчу визитинин алкагында Пекин шаарындагы атактуу тарыхчылар жана байыркы тарыхты изилдегендер менен жолугушкан. Өлкө башчы Кытай жазма булактарындагы кыргыздарга тиешелүү маалыматтын бардыгы маанилүү экенин белгилеген. Анда аталган өлкөнүн тарыхчылары кыргыздар туурасында жаңы маалымат табылганын айтышкан.

Былтыр өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз жана кытай тарыхчылары менен жолугушуу өткөргөн. Анда өлкө башчы Кытай жазма булактарындагы кыргыздар тууралуу ар бир маалыматка ынтызар экенин айткан. Ошондон кийин эки мамлекеттин тарыхчыларынын ортосунда байыркы тарых тууралуу изилдөө иштери башталган. Ал иш бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Мунун алкагында аталган мамлекеттин тарыхчысы, профессор Ю Тай Шин кыргыздар тууралуу б. з. ч. X кылымда Кытай жазма булактарында жазылып калган маалыматты таап чыкты. Бул туурасында тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов кабарлады.

— Байыркы тарых илимин жана көчмөн элдердин байыркы жашоосун мыкты изилдеген окумуштуу, профессор Ю Тай Шин архивдик маалыматтарды изилдеп жатып, кыргыздар тууралуу жаңы, маанилүү маалыматты таап алган. Анда кыргыздар б. з. ч.  X кылымда эле кытай хроникаларында айтылат. Эми кытайдын тарых булактарында кыргыздар 8 кылым ары жылды.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин учурда мамлекет тарабынан кыргыздын байыркы тарыхын изилдөөгө жакшы шарттар түзүлүп, чоң маани берилип жатканына токтолду. Чоротегин Кытай жазма булактарында ачыкка чыга элек маалыматтардын көп экенин айтып, изилдөө иштери мындан кийин да уланышы керектигин белгиледи.

— Биз үчүн эң баалуусу Ханзу, орто кылымдардагы Манжур жана моңголдордун учурундагы маалыматтар табылды. Мындан кийин чыгыш таануучулар менен кыргыз тарыхчылары биргелешип иш алып барары белгилүү болуп жатат. Аны менен катар, Бээжиндеги атайын илимий журналга эки тараптын окумуштууларынын изилдөө макалаларынын басылышы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын пикиринде, кытай жазма булактарын изилдөөдө табылган кыргыздарга тиешелүү байыркы жазуулардын мамлекет үчүн орду чоң. «Кыргызстандын байыркы тарыхын изилдөөгө колдоолор, кызыгуулар болуп жатканда, болгон аракетти көрсөтүп, улутка тиешелүү баалуулуктарга ээ болуу керек», — дейт депутат.

— «Тарыхы болбой, эл болбойт» деген жакшы кеп бар. Эгерде, байыркы тарыхыбыз изилденип, жаңы маалыматтар чыгып жатса, андан ары тереңдетип изилдөөгө кантип болбосун? Буга колдоо көрсөтүп, маани беришибиз керек. Канчалаган мамлекеттер байыркы тарыхын изилдеп, тастыктап жатышат. Тарыхка көз чаптырып, улуттар аралык мамилелер түзүлсө, өлкөнүн өнүгүүсүнө да жакшы болот. Кытай жазууларын изилдеп, бизге тиешелүү жазууларды табышыбыз зарыл.

Анткен менен, археолог Кубат Табалдиев Кытай жазма булактарын изилдөө үчүн байыркы кытай тилин билген дасыккан адис керек деп эсептейт. Мамлекет байыркы кытай тилине кызыккандарды колдоого алып, кыргыздар туурасында толук жана ишенимдүү маалыматтарды чогултуп келүүгө атайын топ жөнөтүшү зарыл дейт. Кыргызстанда айрым жаштар кытай тилинде сүйлөгөнү менен, байыркы тарыхты изилдегенде, бир топ кыйынчылык жарала турганына токтолду.

— Казакстанда кытай жазууларын изилдеген атайын адистер бар. Биз акыркы маалыматтарды алардын жыйнаган изилдөөлөрүнөн алдык. Мамлекет байыркы тарыхты изилдеген тарыхчы окумуштууларга көңүл буруп шарт түзсө, мындан да маанилүү жаңылыктар чыкмак. Кытай жазмаларын изилдөөдө байыркы кытай тилин мыкты билген адам керек. А андай адам биздин өлкөдө жокко эсе. Кытай тилин үйрөнүп жаткандар тарых боюнча изилдөө жасаганда кыйналышат. Тилдери да туура келбей калат. Эгерде мамлекет тарабынан Казакстандыкы сыяктуу каражат бөлүнсө, бул жактан бир канча студентти тарбиялап окутуп, Кытайга жөнөтмөкпүз да. Алар жемишин андан да жогору кылып алып келишмек.

Эске салсак, 2018-жылдын июнь айында президенттин Кытайга болгон мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери Кыргызстан-Кытай ортосунда архивдик документтерди биргелешип изилдөө боюнча кызматташтык маселесин талкуулаган болчу. Кыргыздар тууралуу жаңы табылган маалыматты кытайлык тарыхчылар ушул жылдын июнь айында алып келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM