Марал Радиосу

МОМПОСУЙСУЗ ЧОҢ ЭНЕ

Чоң энем өтө узун бойлуу боло турган. Мен ал кишини элес-булас гана билем. Тагыраагы, дем алуусу оорлоп, өлүм алдында жаткан алсыз абалы гана калды көз алдымда. Кудай мага чоӊ ата-чоӊ эне, таята-таяненин мээримин буюрбады. Мен — алардын чөнтөгүндө катылган момпосуюн жей албай калган баламын.

Бирок, момпосуйлуу чоӊ апаларды көп көрдүм. Айылда Салыйкан апа деген керемет инсан боло турган. Кошуна элек. Анда айыл да, айылдагы пейил да башкача болчу. Коӊшулардын үйүндөгү жумуш биздин да жумуш окшойт деп ойлочумун. Бала күнүмөн бир ишти аягына чыкканча ордуман жылбаган мүнөзүм үчүн да Салыйкан апа мени жакшы көрчү го?.. Өзгөчө кийиз жасаган күнү мен алардын көп ишин бүтүрүп, үйүндө жүрө берер элем. Небере кызы курбум боло турган. Ошон үчүнбү?.. Ал чоӊ апа да мени өз баласындай эркелетип, «Жакутай» деп маӊдайымдан сылап койчу.

Ойноп жүрүп кирип калсам, шашпай балпая басып келип, маӊдайкы жалпак кепе тамдын ным жыттанган муздак бөлмөсүнөн мупмуздак айран куюп берчү. Сүт, айран, сүрсүгөн эт, анан дагы көп даамдын аралашкан жыты күнү бүгүнкүдөй мурдумда турат. Кызыгы сагынтат.  Ошол муздак айранды ичким келет. Азыр айылга атайын барсам да, ошондогу жалпак кепе тамды, бурчтагы жаӊы уюган айранды, ошол Салыйкан чоӊ апаны таппайм. Тилекке каршы!..

Бирок чоӊ апанын чыныгы элеси кандай болорун алар менин баёо, кичинекей жүрөгүмө тартып кетишти. Жашоодо бул инсандардын орду бөлөк. Билгенге карылык — эӊ сыйлуу курак. Жаштык кезде кылганыӊдын үзүрү. Кудум жазда айдаган бактын түшүмүн күздө жыйнап алгандай. Тилекке каршы, момпосуйлуу чоӊ апалар азайды…

Көрсө, кыргыз жөн эл болбоптур. Биз кыргыз дүйнөсүн эскичилик деп танган күнү бүт баалуулуктардан алыстаппыз. Технологияга ыктаган сайын роботтошуп, адам сынынан ажырай баштаппыз. Мен кыргыз чоӊ апалар жасап келген жөнөкөй усулду батыш психологиясынын мыкты изилдөөлөрүнөн өтө арбын окудум.

«Балаӊдан бөлүп, небереӊден өлүп кутуласыӊ», — деп кыргыз орой айтып койгон менен, бала эмес, небере өтө ширин болорун ар бир чоӊ апа, чоӊ ата айтат. Кичинекей бала менен үйдө тажабай сүйлөшкөн, өсүп келе жаткан наристенин майда- чүйдөсүнө чейин көӊүл бурган, эркелеткен да — ошолор. Бул чоң ата же чоң апанын наристе менен болгон маеги анын дүйнө таанымын кеӊейтип, ошол учурда карыларды эрте алжып калуудан сактай турганын инсандык өнүгүү сабактарын берген ар бир мугалим айтат. Баарлашуу керемет дарылоо экенин кыргыз эчак билген. Биз өз тарбиябыздын өзөгүн билбеген үчүн, ата-энеси менен соодалашкан башка улуттардан сабак алгыбыз келет, ошолорду үлгү тутуп жашайбыз. А мен кыргыздын жөнөкөй жашоо образынан улуу философия издеген кызык бирөөмүн. Улуттун уӊгусун жоготуп албайлы.

Чоӊ апалардын чөнтөгүндөгү момпосуй бүт айылдын балдарына жетет. Айылда баланчанын чоӊ апасы дегендер көптүр, бирок бүт айылга чоӊ апа болуу бактысы баарына ыроолоно бербеген улуулук! Атаӊгөрү, кыйшык жоолук, ушакчы, калыстыктан тайган, этеги кыска, өзүн жаш сезип боёнуп-таранган, небере менен сүйлөшүүдөн тажаган чоӊ апалар көбөйдү. Мени мына ушулар ойго салат.

Сиз кандай чоӊ апасыз?..

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version