Биз менен байланышыңыз

Индиядагы химиялык заводдон өрт чыкты

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 480 | 0

Индиянын баш калаасы Дели шаарынын Нараина аймагындагы химиялык заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу NDTV маалымат булагынын сайтында айтылат.

Учурда өрттү өчүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Чыккан өрт катар турган төрт өндүрүш имаратын кошо каптаган. Жапа чеккендер боюнча маалыматтар айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM