Марал Радиосу

Улуттук банк банкноттордун кантип жасаларын көргөзөт

Эл аралык музей күнүнө карата 17-майда Улуттук банк нумизматикалык музейде ачык эшик күнүн өткөрөт. Келген көрүүчүлөргө банкноттордун кантип жасалары көргөзүлөт жана улуттук валютанын өнүгүү тарыхы боюнча маалымат берилет.

Ошондой эле, бул күнү Кыргызстандын аймагында табылган Улуу Жибек жолу мезгилинен берки эски тыйындардын экспозициясы жана акыркы 25 жыл аралыгында Кыргызстандан чыгарылган тыйындардын коллекциясы көрсөтүлөт.

Экскурсияга барууну каалагандар өздүгүн аныктоочу документтерди жанына алуусу зарыл.