Марал Радиосу

Балыкчыдагы митингчилер кичи автобустар менен жолго чыгышты (видео)

Балыкчыдан Бишкекке карай башталган жөө жүрүш күч кызматкерлери тарабынан токтотулду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди. Азыркы тапта уран казууга каршы болуп, жөө жүрүшкө аттанган тургундар кичи автобустар менен жолго чыгышты. Айрымдары жеке унаалары менен келатышат.

Бүгүн Балыкчы шаарынын жана шаарга жакын айылдардын тургундары уран кенин казууга каршы болуп, Балыкчыдан Бишкекке карай жөө жүрүшкө аттанышкан. Бирок Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салып, күндүзгү саат 10.00дөн -12.00гө чейин тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген.

Чогулгандар Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар эртең, 30-апрелде Бишкекте уранга каршы митинг өткөрүүнү пландаштырууда.

Облустук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов, митингде эч кандай мыйзам бузулбаганын кабарлады. Анын маалыматында, жөө жүрүш жол кыймылына тосколдук жаралат деген жүйө менен токтотулган.

Буга чейин ушундай эле нааразылык акциясы Бишкек шаарында өткөн.

Exit mobile version