Марал Радиосу

Бишкекте 6-майдан тартып ысык суу өчүрүлөт

6-майдан тарта Бишкек шаарында ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.

Мэр Азиз Суракматовдун кол койгон токтомуна ылайык, өчүрүү 1 айга чейин созулуп, суу 6-июнда бериле баштайт.

Мындай чечим жыл сайын болуучу профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.