Марал Радиосу

Министринин биринчи орун басары Казакстандын Элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казак Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-казак мамилелердеги актуалдуу маселелерди талкулашты. Анын катарында Казак Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловдун 2019-жылдын 23-майында Кыргызстанга келе турган расмий иш-сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселери боюнча пикир алышты.