Марал Радиосу

«Бир алкак-бир жол» форумунда 64 млрд долларлык макулдашууга кол коюлду

«Бир алкак — бир жол» эл аралык форумга катышкан компаниялар жалпы суммасы 64 миллиард доллардан ашык макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин билдиргенин РИА Новости маалымат агенттиги кабарлады.

«Форумдун жүрүшүндө көптөгөн компаниялардын өкүлдөрү келип, бизнес-саммитке катышты. Алар 64 миллиард доллардан ашык макулдашууларга кол коюшту», — деди жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында Си Цзиньпин.

Ошондой эле, ал форумдун катышуучулары 283 долбоор боюнча консенсуска келгенин жана мамлекеттер аралык макулдашууларга жана практикалык кызматташууларга кол коюлганын кошумчалады.

Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» II форуму 25-27-апрель аралыгында өтүп, ага 37 өлкөнүн лидери катышты.