Марал Радиосу

«Бир алкак – бир жол» форуму: Мамлекет башчыларынын пленардык сессиясы башталды

Пекинде «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму бүгүн да өз ишин улантууда. Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында мамлекет башчыларынын пленардык сессиясы башталды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сөз сүйлөп, «Бир алкак – бир жол» интергациялык концепциясы боюнча өнөктөштөрдүн өзө ара байланышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

«Акыркы 2 жылда жетишилген келишимдердин шарттары боюнча биздин кызматташуу алгалоодо. Кытай дүйнөлүк экономикада жана саясаттагы кызматташтыкка кыянат чектөөлөргө (протекционизмге) каршы», — дейт ал.

Си Цзиньпин Кытай Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери: Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Беларусия менен тыгыз кызматташууга бекем максат койгонун кошумчады.