Марал Радиосу

Уранга каршы митингге чыккандар «Ала-Тоо» аянтына келишти

Бишкекте Уранды иштетүүгө каршы өтүп жаткан митингдин катышуучулары «Ала-Тоо» аянтын карай жүрүш алышты.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, 100дөн ашык акциянын катышуучулары Уранды иштетүүгө толук тыюу салууну талап кылышууда. Алар ошондой эле, буга мораторий киргизүүгө да макул эместигин билдиришүүдө.

Ак үйдүн алдынан башталган митингге тартип коргоо органдары көз салып турат.