Марал Радиосу

Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту 25 жылдыгын белгиледи

Бүгүн, 25-апрелде Бишкекте «Интеграция, өнөктөштүк жана илим-билимдеги инновация» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чаранын демилгечиси Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту болду. Конференция ушул окуу жайдын 25 жылдык мааракесине арналып уюштурулган.

Анда «Инновациялык процесстердин билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүсү», «Экономика жана билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр», «Илимий экономиканын түптөлүшүндөгү илим менен бизнестин карым-катнашы» сыяктуу бир катар темаларда талкуу жана жарыш сөздөр болду. Конференцияда Роза Акназарова баштаган профессорлор баяндама жасашты.

Ошондой эле, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттары жана илим изилдөөчүлөр катышып, Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.