Марал Радиосу

Түндүк Кореянын лидери Путинге кылыч белек кылды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин, ага корей кылычын белекке бергендигин ТАСС агентиги билдирди.

Ким Чен Ын белекти берип жатып, «Сизди колдогон менин жана элимдин күчүн жана рухун билдирет», — деди.

Путин Түндүк Кореянын лидерине белеги үчүн ыраазычылык билдирди. Андан соң, орус элинин ишениминде кылыч белекке берүү жакшы жөрөлгө эмес экендигин айтып, «Символдук мааниде сатып алгандай болоюн», — деп, Ким Чен Ындын колуна акча карматты.