Марал Радиосу

Чек арадан баласын жасалма документ менен алып өткөн жаран кармалды

«Ош» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына жасалма документ менен кирген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын 1991-жылы туулган М. Ж. аттуу жараны Москва-Ош авиакаттамы менен келген. Текшерүү учурунда 2010-жылы туулган А . А. аттуу кызынын күбөлүгүнүн тиркемеси жасалма болуп чыккан.

Тиешелүү иш-чараларды өткөргөндөн кийин, кармалган жаран Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.