Марал Радиосу

Дастанбек Конокбаев Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти болду

Дастанбек Конокбаев Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти болуп тандалды. Кечээ Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын конгресси өттү.

Бул конгрессте жетекчиликти шайлоо маселеси каралган. Анда Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти болуп тандалды.

Ал эми Рустам Эмомали аталган уюмдун президенттигине шайланган.

Жыйынга Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын футбол федерацияларынын өкүлдөрү катышты.

Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясы аймактагы 6 өлкөнүн башын бириктирип, Азия футбол конфедерациясында бүтүндөй аймактын кызыкчылыгы үчүн иш алып барат.