Марал Радиосу

Абылгазиев: Уран боюнча изилдөөгө МАГАТЭ да тартылат

Кызыл-Омпол уран кенинде ишмердүүлүктү изилдөө боюнча комиссиянын ишине эл аралык бир катар агенттиктер, анын ичинде эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиги (МАГАТЭ) тартылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту кароо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхын айтып берди.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү чечим кабыл алууга негиз керек, буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн.

Өкмөт башчы уранды казууга кол койгондордун тизмесин атады