Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы уранды казууга кол койгондордун тизмесин атады

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 9120 | 2

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып, уран кени боюнча чалгындоо иштерине кимдер уруксат бергенин тизме менен айтып берди.

«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө уруксат алган. Ошол эле лицензияны 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартышкан. Ага ошол кездеги министр Кайрат Жумалиев кол койгон. Ал эми Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо жүргүзүүгө 2011-жылдын май айында Замир Эсенаманов деген министрдин колу коюлган. 2012-жылы болсо Кызыл-Омполго лицензиялык келишим деген аталыш менен Ишимбай Чунуев уруксаттын мөөнөтүн узартып берген. А 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев так ошол уранга деп кол коюп, лицензиянын мөөнөтү дагы узартылган. Анткени, алар ал жерден уран чыгарын билишкен. Ошондуктан, уранга деп жазылып лицензия берилген» — деп билдирди өкмөт башчы Абылгазиев.

Ошондой эле ал кыргыз өкмөтү Орусия тараптан 30 млн. долларды алды деген маалыматты четке какты. Себеби, Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен  орусиялык «Экономиполимер» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда орусиялык компания Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына 30 млн. доллар инвестиция салууну көздөгөнү боюнча сөз болгонун кошумчалады.

2 пикир

2 пикир

  1. Адил

    24.04.2019 11:38

    Ураанды ачып чондор еле жешет карапайым кал не болорун еч Ким билбейт келечектеги балдарыбыз не болоруун ойлондунарбы Жогорку жакта отургандар

  2. Pingback: Абылгазиев: Уран кени боюнча комиссиянын ишине МАГАТЭнин изилдөөчүлөрү тартылат – ТЕЗКАБАР

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM