Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып, уран кени боюнча чалгындоо иштерине кимдер уруксат бергенин тизме менен айтып берди.
«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө уруксат алган. Ошол эле лицензияны 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартышкан. Ага ошол кездеги министр Кайрат Жумалиев кол койгон. Ал эми Кызыл-Омпол аймагында чалгындоо жүргүзүүгө 2011-жылдын май айында Замир Эсенаманов деген министрдин колу коюлган. 2012-жылы болсо Кызыл-Омполго лицензиялык келишим деген аталыш менен Ишимбай Чунуев уруксаттын мөөнөтүн узартып берген. А 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев так ошол уранга деп кол коюп, лицензиянын мөөнөтү дагы узартылган. Анткени, алар ал жерден уран чыгарын билишкен. Ошондуктан, уранга деп жазылып лицензия берилген» — деп билдирди өкмөт башчы Абылгазиев.
Ошондой эле ал кыргыз өкмөтү Орусия тараптан 30 млн. долларды алды деген маалыматты четке какты. Себеби, Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен орусиялык «Экономиполимер» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда орусиялык компания Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына 30 млн. доллар инвестиция салууну көздөгөнү боюнча сөз болгонун кошумчалады.