Марал Радиосу

Шыкмаматов: Кийинкисинде митингге чыкпайбыз

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов саясатчы Текебаевдин соту жылдырылганы боюнча комментарий берди.

Шыкмаматовдун айтымында, саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун соту 3-майда саат 10:00го  белгиленгенин айтып, ал күнү «ата-мекенчилер» митингге чыкпайт. «Митингдер ушуну менен токтоду. Эми 3-майда Текебаевдин тарапташтары соттон акыйкат чечим кабыл алат деген үмүттөбүз. Биз мындан ары жактоочулардын жардамы менен соттун туура чечим чыгаруусусун талап кылабыз» — деп кошумчалаган депутат Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, бүгүн саясатчы Текебаев жана Жапаровдун тарапташтары биргеликте эски аянтта тынчтык митингин өткөрүшкөн. Анда жалпысынан эки миңге чукул адам катышкан.