Марал Радиосу

Футзал суперлига: «EREM» — «Алга-Дордой» финалда беттешет

Бишкектин «Алга-Дордой» клубу Ысык-Көлдүн «Мурас» командасын жеңип, футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын фианалына чыкты.

Жарым финалдык сериянын үчүнчү беттешинде Канимет Аралбаевдин шакирттери 6:3 эсебинде жеңип алды.

«Алга-Дордой» — «Мурас» атаандаштыгындагы жалпы эсеп 2:1, «Алга-Дордой» удаасы менен экинчи ирет финалга чыгууда.

Финалдык баскычта алар Оштун «EREM» командасы менен беттешет.

Оштук команда жарым финалдык серияда «Sun City» клубун 2:0 эсебинде утуп финалга чыккан.