Марал Радиосу

Жарандык активист уран кени боюнча бийлик бутактарына кайрылды

Жарандык активист Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төргасы Дастан Жумабековго кайрылып, Кызыл-Омпол уран кени толугу менен жабылуусун талап кылды.

«Оппозиционерлер уран маселесин саясатка айлантпасын. Кен бир тараптуу жабылсын. Кен казууга жалпы эл каршы болуп жатса, өкмөт эмне себептен иштерди 3 айга токтотот? Абылгазиев менен кезигүүгө даярбыз. Кен казуу милларддаган киреше алып келсе да кереги жок. Биз туристтик иштерибиз менен жан багабыз. Жергиликтүү жана эл аралык журналисттерге айтарым, Майлы-Суу, Кажы-Сай, Миң-Кушка барып көргүлө. Президентке да кайрылам… Ысык-Көлгө 100 млрд. долларга чейин инвестиция тартып келе алабыз, бизге мүмкүнчүлүк бергиле», — дейт Тукунов.

Ал уран кенин чалгындоого лицензия алган «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсыны элди экиге бөлгөнүн белгиледи.

Тукунов буга кошумча, «UrAsia in Kyrgyzstan» Кызыл-Омполдо чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын 3 ай мурда билгенин, мындан улам өкмөт кол коюлган келишимдерди расмий сайтына гана эмес, социалык тармактардагы баракчаларга да жайгаштырышы керек экенин айтып өттү.