Марал Радиосу

Азирети Муфтий Кыргызстандын Орусиядагы элчиси менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда кызматташууну бекемдөө, Орусия аймагындагы мекендештерибизге ыйман, адеп-ахлак, каада-салт, адал ырыскы, үй-бүлөнү сактоо, ата-энени, Мекенди сүйүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Орусияда эмгектенип жаткан мекендештерибизге руханий жактан түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө даяр», — деди Азирети Муфтий.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Муфтияттын Орусиядагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев жана Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев катышты.