Марал Радиосу

Жалал-Абад шаарына 2 күн газ берилбейт

23-24-апрель күндөрү оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Жалал-Абад шаарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Ага ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.