Марал Радиосу

Бишкекте Кыргыз-Тайвань бизнес-форуму өтүп жатат

Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Тайвань бизнес-форуму өтүп жатат.

Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарада медициналык жабдууларды, сууларды тазалоочу чыпкаларды, тушкагаз жана автоматтык үйлөмө машиналарды өндүрүү, түрмөк болотторду кайра иштетүү чөйрөсүндөгү тайвандык 5 ири компания катышып жатат.
Маалыматка ылайык, азыркы күндө Кыргызстанда 20га жакын Кыргыз-Тайвань компаниялары иш жүргүзүп келет.

Ал ишканалар негизинен Тайвандан Кыргызстанга турмуш-тиричилик техникаларын, медициналык, курулуш жана тигүү жабдууларын алып келишет.