Марал Радиосу

Майып балдарды карагандарга берилүүчү көмөк пул 4900 сом деп белгиленди

Көзөмөлгө дайым муктаж балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» аттуу жаңы социалдык тейлөөнүн түрү түзүлдү.

Персоналдык ассистенттин тейлөө акысы 4 900 сом өлчөмүндө белгиленген.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн кабарлады.

Майыптардын укугун коргоого көмөк көрсөтүү жана алардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жашоого аралашуусун кеңейтүү максатында Кыргыз Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын «БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укугу жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Мыйзам долбоору жактырылган.

2018-жылдын 1-июлунан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын көлөмү жогорулатылган:

— Майып балдарга жана ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден туулган балдарга 3 000 сомдон 4 000 сомго дейре;

— I топтогу майыптарга 3 000 сомдон 4 000 сомго дейре;

— II топтогу майыптарга 2 500 сомдон 3 300 сомго дейре;

— III топтогу майыптарга 2 000 сомдон 2 700 сомго дейре жогорулатылган.