Марал Радиосу

Шри-Ланкадагы жардыруудан каза болгондордун саны 160ка жетти

Шри-Ланкадагы католик чиркөөлөрүндө  жана мейманканаларында  болгон 6 жардыруудан каза болгондордун саны 160ка, жабыркагандардын саны 360ка жеткенин News 1ST телеканалы маалымдады.

Жергиликтүү Ada Derana басылмасынын маалыматы боюнча, 6 жардыруу беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана Коломбодогу Котахен, Негомбо жана Баттикалоа чиркөөлөрүндө болгон.

Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алып, иликтөө иштери жүрүп жатат.