Биз менен байланышыңыз

Сириядагы кыргызстандыктар Мекенине кайткысы келет (сүрөт, видео)

Коом | 21 Апр 2019 | 2329 | 2

Жакындары Сирияда жүргөн кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Анда жакындары ал жакта кыйналып жатканын, Сирия бийлиги атайын лагердеги жарандарды өз мамлекетине  жөнөтүп жатканын айтышты. Ошол себептүү, президент ал мамлекеттин бийлигине кайрылып, жарандарын алып келүүгө болорун белгилешти.

Сириядагы лагерь

Рамаз Сариевдин 2 кызы, уул-келини да Сирияга кеткен. Алгач кеткен кыздарын алып келүү үчүн Түркияга барып, атайын органдарына кайрылган. Канча аракет кылганы менен майнап болгон эмес. Кийин жубайы кыздары менен сүйлөшүп, аларды алып келүү үчүн Сирияга аттанган. Кийин 2 кызынын тең күйөөсү кайтыш болгон. Ар кандай жардыруулар болуп, бирок кыздары аман калышкан.

— Ашыкча сүйлөй алышпайт, унчукпай отурушат экен. Кетебиз дешсе, жазалайт экен. Учурда баары лагерде, күрт сакчылары эч жакка чыгарышпайт. «Кыргызстандан сунуш келген жок, эгер келсе бошотобуз», — деп айтышыптыр. Сооронбай Жээнбековго кайралат элек көптөгөн жарандарыбыз адашуу жолу менен Сирияга барып калышты. Өлкө башчыбыз бул нерсеге кайдыгер карабайт деген үмүттөбүз.

Чолпон Абдылдаеванын кызы жана күйөө баласы 2014-жылы сентябрда Түркияга иш издеп кетишип, бир ай дайынсыз болушкан. Бир айдан кийин байланышып, жумуш таап, иштеп жатышканын айтышкан.

— 2015-жылы райондун УКМК кызматкерлери келип, күйөө балам Сирияда экенин айтышты. Күйөө балама ишенет элем, ошондуктан алардын маалыматына ишенген жокмун. Кийин өздөрү байланышып, «Адашып келип алыптырбыз, документтерибизди алып койгон, эч жакка кете албайбыз», — дешти. Кийин күйөө баламды өлтүрүп коюшуптур. Бир айдан бери байланыша элекпиз, телефону да жок.

Кыргызстандык наристелер. Сириядагы лагерь

Саадагүлдүн иниси 19 жашында Сирияга кеткен. Атасы Орусияга билет алып берип, өзү узаткан. Кеткенден кийин 2-3 ай кабарсыз жүрүп, андан соң Сирияда экени билинген. Аны Кыргызстанга алып келүү үчүн 60 жаштагы апасы да Сирияга аттанган. Анткени, уулу Түркия аркылуу келсе, чек арадан чыгып жолугарын айтып ишендирген. Бирок, максаты ишке ашпай, артка кайтышка мажбур болгон.

— 60 жаштагы апам инимдин артынан алып келем деп кеткен. Эне баласы үчүн бардык нерсеге даяр болот экен. Апам мына ошол убакыттан бери, депрессияда, жүрөгү ооруйт. Кыйналып жатканын чыдап карап отура албайм. Азыркы учурда иним лагерде күрттөрдүн колунда, алардын сөзүнөн чыкпай жүрөт. Кыргыз бир туугандарыбызды кайра өз өлкөсүнө алып келүүңүздөрдү суранабыз.

Сириядагы кыргызстандыктардын наристеси

Калиман Бекболотованын уулу менен келини 2013-жылы кеткен. Бир күнү унаасын оңдотуу үчүн шаарга жөнөп кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Жарым жыл бою эч кандай кабар келген эмес. Кийин байланышып, Албанияда иштеп жатканын айтып ишендирген. Арадан убакыт өтүп, уулу 2 перзенттүү болгон соң, каза тапкан.

— Азыр эми жок дегенде ошол неберемдин жытын жыттап, уулумдан калган туягын эркелетсем дейм. Аларда эмне күнөө? Балдар да мээримге тоюшу керек.

Мураталиева А.:

— Кызым 2014-жылы октябрь айында кеткен. Азыркы учурда лагерде жүрүшөт.  Мурда Сириядан алып чыгуу кыйын эле, бирок азыркы учурда мамлекет жарандарын алып кетсе болот. Мына Казакстан  жарандарын өлкөсүнө  кайра алып келип жатат.  Биздин өлкө башчы эмне чара көрүп жатат, качан келип алып кетет экен деп ыйлап суранып жатат. Бардык органдарга кайрылып жатабыз, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго да кайрылып кат жөнөткөнбүз, бирок дагы деле жооп келе элек. Кыргыз жарандарын алып келишин баарыбыз, үмүт үзбөй күтөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM