Марал Радиосу

«Дарак ыры» Орусияда баш байге утту

Кыргыз кино чеберлеринин «Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн «Балдарга кино» эл аралык фестивалында баш байге алды.

Тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык тармактагы баракчасында пикирин калтырып, тасма бардык курактагы адамдарга түшүнүктүү экенин белгилеген.

«Калыстар тобунда балдар да болгон. Балдар тасмага татыктуу баасын беришти», — деп жазган Дайырбеков.

Белгилей кетсек, «Дарак ыры» тасмасы 18-26-апрель күндөрү Иранда өтүп жаткан «Фажр» эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп жатат.