Марал Радиосу

Жумуш ордун жыландар ээлеген Либерия президенти үйдө иштөөгө мажбур

Либерия президенти Жорж Веа жумуш орду жайгашкан имаратты жылан каптагандыктан, үйдө калып иштөөгө мажбур болууда. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазып чыкты.

Кызматкерлер Веанын офиси жана ТИМдин имаратынан кара жыландарды байкашкан. Учурда имарат курчоого алынып, тазалоо иштери жүрүп жатканын президенттин маалымат катчысы Смит Тоби билдирген. Дүйшөмбү күнгө чейин тазалоо иштери бүтөрү айтылууда.

Жергиликтүү маалыматтарга ылайык, бул көрүнүш апрелдин башында эле башталган.

Либерияда уулуу жыландар көп. Окумуштуулар марттын башында Либерияда куйругу жана башы менен чабуул жасаган жыландын түрүн аныкташкан.