Марал Радиосу

22-24-апрелге чейин Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген компаниясы оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 22-24-апрель күндөрү Бишкек шаарынын Махатма Ганди — Васильев, Можайский — Манас көчөлөрү кесилишкен аймактарында жаратылыш газы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.