Марал Радиосу

Парламентте 2020-2022-жылдардагы бюджеттин резолюциясы талкууланат

Бүгүн 19-апрелде Жогорку Кеӊеште 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы талкууланат.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Жыйында Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга карата божомолунун долбоору, өлкөдөгү макроэкономикалык тренддер жана жергиликтүү бюджеттердин көйгөйлөрү, өлкөнүн каржылык саясатынын айрым маселелери талкууга алынат.

Жыйынга Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев катышат.