Марал Радиосу

Сооронкулова: КСДП ынтымакка келбесе, шайлоого бара албайт

Юстиция министрлиги КСДП партиясынын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Абдрахманов партиянын банктагы эсептерин, мөөрүн, уставын өткөрүп берүүнү талап кылды. Ал эми Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин аракетин мыйзамсыз деп жатышат. Атамбаев бул боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атына арыз жазды. Бул маселенин аягы эмне менен чечилиши мүмкүн? «Күн чекит» программасында Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын пикирин уктук.

Марал: КСДП партиясын каттоодогу талаш-тартыш тууралуу оюңуз кандай? Юстиция министрлигинин аракети туурабы? Депутат Ирина Карамушкина айткандай, Юстиция министрлигине басым болушу мүмкүнбү?

Клара Сооронкулова: Саясий партияларды укуктук жактан жөнгө салган 1998-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Ошол күндөн бери аталган мыйзамга эч кандай өзгөртүү киргизилген эмес. Ал эми мамлекет партиялар өздөрүн-өздөрү жөнгө салышы керек деген принципти карманат. Саясий партиялардын өзүн-өзү жөнгө салуусу – устав аркылуу ишке ашат.

КСДПнын уставын башка партиялардын уставы менен салыштырганда, ал жерде саясий кеңешке өтө көп эркиндик берилген. Партиянын төрагасынын ыйгарым укуктары чектелген. Бирок мындай учурларга көңүл бурулуп, оңдолгон эмес. Анткени, жагдай мындай болуп кетерин билишкен да, ойлошкон да эмес.

Буга чейин КСДПнын эки бөлүгү тең съезд өткөрдү, анын кайсынысы легитимдүү экенин аныктоонун да өз жолу бар. Биринчиден, съездди саясий кеңеш да, саясий кеңештин төрагасы да чакырууга укуктуу. «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы партиянын саясий кеңешинин демилгеси менен курултай чакырганын айтты, ал эми Атамбаев баштаган бөлүгү төраганын демилгеси менен съезд өткөрдү. Уставда саясий кеңеш чечим чыгарышы үчүн кворум болушу керек деп жазылып турат.

Марал: Анда «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын айткандары туура болуп чыгып атабы? Эки башка төрага болуп жатса, Юстиция министрлиги партияны кантип каттады?

Клара Сооронкулова: Менин божомолум боюнча, Сагынбек Абдрахманов баштаган КСДПнын саясий кеңештин үчтөн экиси чогулган, тагыраагы кворум болгон. Алар укуктук талаптарды туура сактаган. Ошондуктан, партия кимдики экени укуктук жактан эч кандай мааниге ээ эмес. Юстиция министрлиги болгону партиянын уставы сакталдыбы, ушул маселени гана карайт. Андан кийинкиси сот аркылуу уланышы мүмкүн.

Марал: Атамбаев баштаган КСДПчылар Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул маселенин аягы эмне менен чечилиши мүмкүн?

Клара Сооронкулова: Прокуратурага кайрылуунун деле кажети жок. Себеби, Атамбаев баштаган КСДП уставын, саясий кеңешин, курамын өзгөрттү да, ошондуктан баары бир кайра каттоодон өтүшү керек болчу. Эми Юстиция министрлиги кимисин каттаса, ошонусу укуктуу күчкө ээ болот, кеп ушунда. Аягы сот чечими менен бүтөт, ал дагы үч инстанция менен өтөт. Эң негизгиси алар бир чечимге, ынтымакка келишпесе, 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

Exit mobile version