Марал Радиосу

Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен апрелдин аягында жолугат

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен апрелдин аяк чендеринде жолуга турганын Кремлдин сайты жарыялады.

«Владимир Путиндиндин чакыруусу менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга апрелдин аяк чендеринде расмий визит менен келет», – деп маалымдалган.

15- апрелде Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги: «Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Орусиянын президенти Ыраакы Чыгышка баргандан кийин,  26-27-апрелде Пекинде өтө турган «Бир алкак, бир жол» форумунан кийин, же ага чейин болушу мүмкүн», — деп жазган.