Марал Радиосу

Тайванда чоң зилзала катталды

Тайванда катуу жер титирөө болду. Кытай сейсмология борборунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн  борбору  Хуалянь округунан  24 км тереңдикте жайгашкан. Кырсыкка байланыштуу Тайбэде убактылуу метро бекеттер токтотулду. Балдар мектептерден эвакуацияланды. Бул тууралуу 24.kz маалымат порталы жарыялады.

Азыркы учурда жабыр тарткандар жана кыйроолор боюнча маалымат бериле элек.